super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Орусияда "Мигрант" рейди 25-декабрга чейин уланат. Өткөн жумада кармалган мигранттардын саны 92ге жеткен

 

Орусияда "Мигрант" рейди 25-декабрга чейин уланат. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова SUPER.KG порталына бүгүн, 12-декабрда билдирди.

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Кыргыз өлкөсүнөн барган мигранттар бийликтин көйгөйү экенин айткандан кийин элчилик Сергей Собяниндин билдирүүсүнө "абийирсиз жумуш берүүчүлөр кыргыз мигранттарын "мыйзамсыз" макамына ээ кылышууда" деген жооп кайтарган. Москва мэринин сөзүнөн көп өтпөй кыргыз мигранттары катуу кысымга кабылышканын Орусиядагы мекендештер айтышууда. Мындан улам Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигине кыргыз мигранттары арыз-муңун айтканы 9-декабрда чогулушкан. Чогулган жарандардын айрымдары полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, коё берилгени маалым.

"Бул маселе боюнча жакын арада Орусиянын Ички иштер министрлигине караштуу Миграция боюнча башкы башкармалыктын жетекчилиги менен жолугушууну уюштуруу аракетин көрүп жатабыз. Азыр Москвада Кыргыз Республикасынын Миграция кызматынын өкүлчүлүгү иштеп баштады. Алар да жолугушууну көздөп жатышат", - деди Байымбетова.

Редакциябызга арыз-муңун айтып кайрылган Орусиядагы мекендештердин саны күндөн-күнгө өсүүдө. Кээ биринин жакындары учурда чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу атайын жайда (СУВСИГ) экенин билдиришкен.

"Бизге да мындай маселелер менен кайрылгандар абдан көп. Биз кат жазып кайрылганыбызда, "Мигрант" деген рейд жүрүп жатканын, 25-декабрда гана аяктаарын билдиришти. "Каттоодон өткөнбүз" деген жарандардын кээ биринин документтери жасалма болуп калат же эмгек келишим жок болуп калат. Бул жерде биздин мигранттар эмес, жумуш берүүчүлөр да күнөөлүү. Салыктан качып эмгек келишимин түзүшпөйт. Жарандарга өздөрүнүн укуктарын билип, эмгек келишими менен иштөөнү сунуштайбыз, алар "Андай жумушту кайдан табабыз?" дешет", - деди катчы.

Ошондой эле катчы документтери жайында болгон жарандар өз убагында бошотулуп жатканын кошумчалады. Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүрүп, чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу атайын жайга түшкөн жарандар боюнча элчиликке ал жактагы кызматкерлер кат жазып, өз кезегинде элчиликтин кызматкерлери тиешелүү документтерин чогултуп, жарандарды Кыргыз өлкөсүнө жөнөтөт.

"Рейд дагы башка эрежелер чыгып, уланышы мүмкүн. Андыктан элчилик бул маселени чечүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат", - деди Гүлбарчын Байымбетова.

Учурда Москвада кармалган мигранттар Сахарово айылындагы чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу атайын жайда. Өткөн жумада алардын саны 92ге жеткен. 45 жарандын документтери туура эмес, 47 мигранттын документтери жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(19)
12.12.2016. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мына,"Эки пил урушса,ортодо чоп уйпаланат"деген ушу да.
12.12.2016. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Лолудон баатыр чыкса элин чабат деген туура озу
12.12.2016. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
АША ХХХ койду эле ошонун кесепети мигранттарга тийип атат.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-12 17:42:09
12.12.2016. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эзбей суйлошпойбу эмгек келишими жок эле иштесин деп коркпой эле ХХХ алмак беле
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-12 18:01:23
12.12.2016. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
tyrgon, этика нормаларын сактаңыз!
12.12.2016. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биздин чондордун айынан болуп жатат президент чон суйлоп койду россиянын авиа базасын чыгарабыз озубуздун кучко ишенебиз деп мына сага деп мигрантарды кыйнап атышат 1 милиондоп журобуз россияда бизди бизди да ойлоп койсо болот атамбаев
12.12.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Орустардын базасы чыгып кетсе сырттан келген душмандарга буктурмадан таш кулатабызбы
12.12.2016. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
semo,базаны манаска коюу максатыда деген политика
12.12.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Россия менен эчкайсы мамлекет жыргап кеткен эмес кайталай берип тилим тешилди. Даже оздоруно тууган калк украиндерди да ыйлатты! Европага ыкташыбыз керек! Европа десе оюнарга гейлер келет. ХХХ. Орустар онолгон эмес и онолбойт дагы билип алгыла! Булар менен эчким жыргап кетпейт булар бул дуйного келгенине нааразы калк.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-13 09:09:31
12.12.2016. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nur1k,100% кшулам созуно орустар ото улутчул калк.
12.12.2016. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nur1k,туура айттын
13.12.2016. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nur1k,сенин ХХХ европабы? Ким жыргап калды аларга кошулуп? Россиядагы мигрантар багып жатат! ХХХ суйлошойлу бекерчи!!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-13 08:50:54
13.12.2016. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
spinkub, этика нормаларын сактаңыз!
13.12.2016. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nur1k, сенин Европандын озунун баш оорусу озуно жетет. Айрыкча 2014-15те Европаны штурмалаган/Европага кирууну каалаган качкындар, мигранттардын айынан коптогон Батыш олколору чек араларын мигранттарга жаап, акыры Туркияга акча берип, качкындарды Туркияга кайтарууда Европан. Анан кыргыздар эле жетпей турду эле. Эгер АКШ менен Европа эшигин кыргыздарга ачса копчулук кыргыздар кетмек Россияда аз айлыкка иштегиче. Европа кыргыздарга эшигин ачпаса эл байкуш эмне кыла алмак?!!
13.12.2016. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nur1k,Жыргаганын билбейм бирок ырыскыбыз ушул
Жактан болуп жатат тууганым.Эгер тарыхты окусан
Билерсин оорустарды Тажик Озбек мамле-тери кууганда биз андай кылбай кайра жардам корсотконбуз.
Анан туугандары украина боюнча согуш маалында
чункурга украинецтерди тушуруп оорустарга комгуло дегенде олсок бирге олобуз дешкен
анда немецтер оорустарды тушуруп украинецттерге
комгуло дегенде комуп салышкан.Билип ал тууган

13.12.2016. 07:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baltabaev,туура айтасын тарыхынды
бил алгач.
онугуунун ен туура жолу бул коррупцияны
жок кылсак жана коп окуп билимдуу болгон
гана онугуу болот.
13.12.2016. 06:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur1k, анан ким менен жыргайм деп жатасын? Сени орустардан башка ким кабыл алат? Ой жугуртуун туура эмес тууган.
12.12.2016. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде дайыма суйлошулор журуп жатат деп алдап журо беришет же буларды бироо укса ,эл учун эч куйушпойт . Элчилик жыйынып кочуп кетсенер деле болот
13.12.2016. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Москвадагы кыргыз элчилигин орду тубу менен жоюп салыш керек. Лучше ал акчага Кыргызстанда завод-фабрика курса элге да, казынага да пайда. Элчилик болсо казынаны да тоноп, мындагы кыргыз мигранттарын да тоноп деги бир пайдалуу иш кылганы корунбойт. Мындан 2-3 ай мурун сайттарда атайын макала да жазылды эле, Москвада жуздон ашык кыргыз мигрант жаны курулуп жаткан метролордо иштеп 2-3 айлык маянасын ала албай жаткандары. Элчиликтен кымындай жардам болбоду ошолорго. Кыскасы жабыш керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: