super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Тумандын айынан 3 күндөн бери "Манас" аэропортунан учактар Ошко учпай жатат

 

Бишкектеги "Манас" аэропортунда 3 күндөн бери Ошко учак учпай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда SUPER.KG порталына окурман билдирди.

Анын айтымында, мунун себеби Оштогу аэропортто туман болгонуна байланыштуу деп жатышат. "Биз Москвадан Бишкек аркылуу Ошко учмакпыз. Азыр баарыбыз күтүп отурабыз. Эл 3 күндөн бери уча албай жатат. Аэропортто үйү жок калгандарга жатакана, шарттар каралган эмес", - деп арызданды окурман.

Айта кетсек, "Ош" Эл аралык аэропортунда туманга байланыштуу учурда 7 рейс кармалып турат. Анын бешөө ички каттамдарды аткарууга камынып турса, калган экөө Орусияга учмак (Екатеринбург жана Москва шаарларына). Бул тууралуу "Манас" Эл аралык аэропортунан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, тумандан улам алдыда 100-300 метр аралык гана даана көрүнүүдө. Негизи, коопсуздук үчүн кем дегенде 550 метр аралык көрүнүшү керек.

Акыркы каттамдар Оштогу туманга байланыштуу Бишкектеги аэропортко конушкан.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
12.12.2016. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аиииий бизде жата турган шарт болгондо башкача жашоо болуп кетмек.
12.12.2016. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Учак учбаганына карабай ошко билеттер сатылып жатат. Менда кече учбай кайтып келдим эртенкиге которду.
12.12.2016. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Учак учбаганын билип деле эч кандай эскертуусуз билеттерди сатууну улантып жатышат адамдарды убара кылып..
12.12.2016. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ач кулактан тынч кулак учпай эле тургула
13.12.2016. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
учуп келип эле атат туман таркаганда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: