Түркия Бишкектеги Анкара көчөсүн оңдоп берет
Түркия Бишкектеги Анкара көчөсүн (мурдагы Горький көчөсү) оңдоп берет. Бул тууралуу 23-апрелде Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов менен Түркиянын кызматташтык жана координация боюнча агенттигинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу учурунда белгилүү болду. 5 кишиден турган делегация аталган көчөнүн абалы менен таанышып, жолду оңдоо долбоорун түзүү үчүн келген. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, 3 ай аралыгында Түркия тарап тендер өткөрүп, гранттык негизде жолго асфальт төшөп, көчө жарыктарын орнотуп, арыктарды оңдоп берет. Белгилей кетсек, Анкара көчөсүнүн узундугу 5 чакырымды, туурасы 15 метрди түзөт.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

