Бишкекте тоноочулукка шектелген үч кыз кармалды
Бишкекте тоноочулукка шектелген үч кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 11-декабрь күнү милиция кызматкерлерине 18 жаштагы М.Б. аттуу кыз кайрылган. Анда ал чак түштө белгисиз үч кыз коркутуп, уюлдук телефонун тартып алышканын айткан. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 21 жаштагы О.С., 20 жаштагы О.А. жана 19 жаштагы Б.Б. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Ар бир инсандын өзүнө нысап ыйман берсин кудайым дегенден башка не кылабыз!!!
Бутуна туруп үйлөнө турган кыргыздын жигиттери үйлөнгүлө тезирээк. Бирок жигиттер да жакшы кыздарды алам дейт.
Балким, бул кыздарды эч ким албай койгондур, жүрүш турушун байкап ?