Караколдуктар чет өлкөлүк жарандар үчүн 5 күн ичинде каттоодон өтүү милдетин жоюуну талап кылышты





Караколдуктар чет өлкөлүк жарандар үчүн 5 күн ичинде каттоодон өтүү милдетин жоюуну талап кылышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Каракол шаардык кеңешинин депутаты Азамат Айтбаев бүгүн, 13-декабрда билдирди.
4-ноябрда Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция" мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, чет элдиктер өлкө аймагына кирген соң 5 күн ичинде каттоодон милдеттүү түрдө өтүшү керек. Бул түзөтүү көптөгөн чет өлкөлүктөргө ыңгайсыздык жана нааразычылык жаратты. Себеби каттоодон өтүү үчүн алар убактылуу токтогон жайынын, анын ээсинин, өзүнүн документтерин паспорттук столго ала келип, каттоого 100 сом, банктык тейлөөгө 20 сом төлөшү керек. Бул процесс чет элдик эс алуучулардын убактысын алат.
11-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бул милдетти жокко чыгарууну сунуштаганы менен, азыркыга чейин сунуш карала элек.
Бул маселеге байланыштуу Каракол шаарынын тургундары президент Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасашты.
"Милдеттүү түрдө каттоодон өтүү мыйзамын жокко чыгарууну талап кылабыз. Мыйзам Кыргыз өлкөсүнүн жана туризм тармагынын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып жатат. Башка өлкөлөр туристтердин келишине шарт түзүшсө, биз кайра артка кетип жатабыз. Шаардын тургундарынын көпчүлүгү туристтик сезондо каражат табышат, туристтер убактысын каяктагы бюрократиялык нерселерге короткусу келбейт. Бул мыйзам укук коргоо органдарында коррупциянын өсүшүн шарттап жатат", - дешет видеодо тургундар.
КРнын Президентине жана ЖКнын депутаттарына кайрылуу








1 |