Өлкөнүн "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүүчү мыйзамга президент кол койду
Президент Алмазбек Атамбаев 12-декабрда "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 24-ноябрында кабыл алган.
Референдумдарга даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө байланыштуу сатып алууларды жүргүзүү иштерин өз убагында чечүү максатында кабыл алынган мыйзамда мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдумдар өткөн учурда сатып алуучу уюмдарга түз келишимдерди түзүү жолу керектүү буюмдарды сатып алуу укугу берилген.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

