super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛНААМА, 13-ДЕКАБРЬ: 219 жыл мурун немис акыны, публицист жана сынчы Генрих Гейне төрөлгөн

 

Немис акыны, публицист жана сынчы Генрих Гейне 1797-жылы 13-декабрда Германиянын Дюссельдорф шаарында жарык дүйнөгө келген.

1817-жылы Гейне алгачкы ырын жарыялап, 1823-жылы "Лирикалык интермеццо" деген аталыштагы ырлар жыйнагын чыгарган. Акын саясий публицистика жанрында да чеберчилик менен жаза билген. Алсак, анын "Саякат сүрөттөрү" деген кара сөз түрүндө жазылган 4 томдук эмгегинин биринчиси ага атак-даңк алып келген.

1831-жылы акын Германиядан Парижге көчүп барган. Анын Франция жөнүндөгү эмгектери коомдук турмушка, саясатка, искусствого жана театрга арналып жазылса, Германия жөнүндөгү чыгармаларында ал философия жана адабиятка арналган темаларда жазган.

1856-жылы 17-февралда Генрих Гейне ден соолугунун начарлашынан улам 59 жашында көз жумган.

Гейне "романтика доорунун" акыркы өкүлү жана баштоочусу болуп эсептелет. Анын чыгармаларына Франц Шуберт, Роберт Шуман, Рихард Вагнер, Иоганн Брамс, Пётр Чайковский аттуу композиторлор обон жаратышкан.

13-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: