Нарында “Айылдык китепканаларга китеп белек кыл” аттуу акциянын ачылышы болду
Нарын шаарындагы калкты социалык жактан коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Салтанат Эсенаманова сөз сүйлөп жатат


Нарын шаарындагы калкты социалык жактан коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Салтанат Эсенаманова сөз сүйлөп жатат

Китеп күнүнө арналган иш-чарага келген коноктор
Бүгүн, 23-апрелде Нарын шаарындагы С.Орозбаков атындагы орто мектепте “Айылдык китепканаларга китеп белек кыл” деп аталган акция болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган иш-чарада облус башчысынын орун басары Ч.Абдыраимакунова, шаар мэри Б.Жээналиев жана бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип куттукташып, белек катары китеп тапшырышты. Мындан сырткары китеп белек кылуу үчүн жергиликтүү акын-жазуучулар, шаар тургундары келишти. Иш-чаранын жүрүшүндө келген коноктор жаш муунду тарбиялоодогу китептин ролу жөнүндө ой-пикирлерин айтышты. Маалыматка ылайык, аталган акция аптанын аягына чейин созулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

