super.kg logo
  Спорт  

Лионель Мессинин ооганстандык күйөрманы кумири менен майданга чогуу чыкканына катуу кубанды (фоторепортаж)

 

Кечээ, 13-декабрда каталондук "Барселона" футболдук клубу Дубайдын "Аль-Ахли" футболдук клубу менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Катардын Доха шаарында орун алган беттеш 5:3 эсебинде каталондуктардын жеңиши менен аяктады.

"Барселонанын" курамынан Луис Суарес, Лионель Месси, Неймар, Пако Алькасер жана Рафинья Алькантара гол жаратышты. Испаниянын учурдагы чемпиону өз тарыхында алгачкы жолу Катарда оюн өткөрдү.

Оюнга чейин команда лидери Лионель Месси баштыкты форма кылып кийип дүйнөгө таанылган ооганстандык жаш күйөрманы Муртаза Ахмадиге жолуккан. Майданга ал жаш күйөрманын жетелеп чыкты. Командалар сүрөткө түшкөн соң Месси жанында турган Муртазадан майдан четине чыгууну өтүндү. Бирок эки жакты карап туруп калган бала кумири менен коштошкусу келбей, кайрадан жанына чуркап барган. Анын бул кылыгы футболчулар Луис Суарес менен Неймарды гана эмес, Мессинин өзүн кошо жылмайтты. Жылмаюу тартуулаган Муртазаны беттеш калысы майдан четине алып чыкты.

Кошумчалай кетсек, Муртаза Ахмадинин баштыкты форма кылып кийип, ага Мессинин атын жазып алган сүрөтү жыл башында интернетте пайда болуп, популярдуу болгон. Интернет колдонуучулары аны кумирине жолуктурууга аракет кылышкан, бирок бул ишке ашкан эмес. Кийин Месси ага формасын белек кылган. Муртаза Ахмадинин үй-бүлөсүнө коркунуч туулуп, алар Ооганстандан качып кетүүгө мажбур болушкан.






Месси менен ооганстандык баланын жолугушуусу

Муртаза кумири Мессиге жолукканына катуу кубанды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
14.12.2016. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ма Ша Алла!
14.12.2016. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ширин десе, онубу, тушумбу? деп тан калып эле калыптырго))
14.12.2016. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
эрте менен маанайды котордуго жанылык :)))))) месси журокко жылуулук жаратты!
14.12.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Афганистандык жигит Пакистанда деп жаздынар эле. Дохага качан кантип барып калды.
14.12.2016. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
akil.91,эми Пакистан аны качкын катары кабыл алган болсо. Пакистан футболчулары алып бардыда. Же Катардыктар чакыртып алды . Эмне проблема
14.12.2016. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Месси
14.12.2016. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын Месси
Медиа-портал
14.12.2016. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Ийй ананайын десе...Корсо кыялдар орундалат экен да.
Медиа-портал
14.12.2016. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйлагым келди видеону коруп алып))
Медиа-портал
15.12.2016. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мык жип менен сурот тарткан байкебиз тартып Мессиге бергенге аракет кылса балким ишке ашмак☺
KaiMak түзөттү 2016-12-15 02:12:40
14.12.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жылмыюайттыго))
14.12.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ширин бала десе, маанайды которду...
14.12.2016. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Муртазанын кыялы орундалыптыр бирок качкын болушуна месси себепчи болду деп ойлойм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: