ЖЫЛНААМА, 14-ДЕКАБРЬ: 133 жыл мурун айкидо мектебин негиздеген япониялык Морихэй Уэсиба төрөлгөн
Мындан 133 жыл мурун, 1883-жылы 14-декабрда айкидо мектебинин негиздөөчүсү Морихэй Уэсиба Япониядагы Танабе шаарында туулган. Бала чагында көп ооруп, эрте эле буддизмдин сингон экзотерикалык сектасын өздөштүрө баштаган. Ошондой эле өзү жашаган Кумано районундагы синтоисттик кудайлар жөнүндө окуп чыккан. Ал физикалык көнүгүүлөрдү жасап, ден соолугун бекемдеп, дене түзүлүшүн да жакшы абалга келтирген. Мектепти аяктаган соң Токио шаарына барып, окуу куралдарын сатуучу дүкөн ачкан. Иши жылышпагандыктан кайра өзүнүн туулган жери - Танабеге кайтып келет. Ал жерден тэндзин син-йо-рю чебери Тодзава Токусабуронун күрөш искусствосу боюнча курсуна жазылат. Бир жылдан кийин ягю-синкагэ мектебинин принциптерин өздөштүргөн. 1903-жылы үйлөнүп, аскерге кызмат өтөөгө чакырылган.
ачып, ал жерден өзү иштеп чыккан куралсыз күрөшүү системин шакирттерине үйрөтөт. Ошол эле мезгилде Аскер-деңиз академиясында, Аскер-полициялык академиясында сабак бере баштаган. Анын Омото-кё деген секта менен байланышын өкмөт колдобогондуктан, ал коомдук турмуштан алыстап, мектепти уулу Уэсиба Киссёмарга таштап кетет. Өзү Токионун түндүгүндө ааламды коргоп турган 42 кудайга арнап храм ачкан. Ал жерден М.Уэсиба өзү ойлоп тапкан айкидо күрөш искусствосу менен машыгууну уланткан. "Айкидо" деген аталышты күрөшүү системине 1938-жылы койгон.1949-жылы Япониянын билим берүү министри Уэсибага Токиодо мектеп ачууга уруксат берген. Уэсиба көптөгөн адамдарды айкидого үйрөтүп, 1956-жылы бул спортту коомчулукка көрсөткөн. Ал 1969-жылы 26-апрелде боорундагы рактан улам көз жумган.
14-декабрга карата жылнаама.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















