ЖЫЛНААМА, 14-ДЕКАБРЬ: 314 жыл мурун Японияда легендарлуу 47 самурай башчысынын өлүмү үчүн аткаминерден өч алган



"47 самурай" тасмасынан кадр

"47 самурай" тасмасынан кадр

"47 самурай" тасмасынан кадр
314 жыл мурун, 1702-жылы 14-декабрда көптөгөн адабий чыгармаларга жана тасмалардын сценарийине негиз болгон легендарлуу 47 самурай Япониянын Эдо (азыркы Токио) шаарында кол башчысын өлтүрүп койгондугу үчүн аткаминерден өч алган.
47 самурайдын башчысы Асано Наганорини Кира Ёсихиса аттуу аткаминер мазактайт. Анын мазактоосуна чыдабаган Асано Кира Ёсихисага кол салат. Ал үчүн Асано өзүн өзү бычак менен сайып өлтүрүшү керек болгон.
Башчысын жоготкон 47 самурай өлүм жазасына карабай ал үчүн өч алууга ант берет. Алар өз ара сүйлөшүп, шек жаратпоо үчүн соодагерлердин жана кечилдердин кейпин кийип, аткаминерди өлтүрүү үчүн ич ара план түзүшкөн.
1702-жылы самурайлар Киранын үйүнө кол салышат. Жан сакчыларын өлтүрүшүп, жашынган жеринен таап чыгып, өзүн өзү өлтүрүүнү сунушташкан. Кира макул болбогондуктан, анын башын алышкан.
46 самурай 1702-жылы 4-февралда өздөрүн сайып өлүшкөн. Ал эми 47-самурай сёгун тарабынан кечирилип, 78 жашка чейин жашаган.
2013-жылы бул тарыхый окуянын негизинде америкалык режиссёр Карл Ринш "47 самурай" деген аталыштагы тасма жараткан.
14-декабрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
rukopashnik

14.12.2016. 21:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
көрүш керек экен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.