super.kg logo

Муздак темир карматып, көздүн нурун алган ширетүүчүлүк өнөр да ардактуу

 
Ширетүүчү Нурсултан Көчөрбай уулу

Муздак темир кармап, ширетүүчүлүктү аркалган Нурсултан Көчөрбай уулу ата-энесин жана бир туугандарын ушул кесиби менен багат. Жаңыдан тандап алган кесиби туурасында каарманыбыз SUPER.KG порталына ой бөлүштү.

"Тааныш балдар аркылуу Бишкекке иштегенге келгем. Темир ширетип иштөөнү досум сунуштаган эле. Бул тармакты билбегендиктен, башында жардамчы болуп жүрдүм. Кийинчерээк өз алдымча иштегенге өттүм. Азыр чогуу иштеген балдар менен дарбаза, эшик, меш жана башка буюмдарды жасайбыз. Жаңы келгенде 15-20 миң сом маяна алчумун. Тажрыйбалуу балдар 50-60 миң сомго чейин айлык акы алышат. Бул жумуштан тажрыйба топтоп, өзүмө кесип кылып алдым", - деп билдирди Көчөрбай уулу.

Темир буюмдарын ширетип жасаган каарманыбыз Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун тургуну. Ал азыр 22 жашта. Нурсултан чет өлкөгө кетпей эле иштин жолун таап иштесе болорун айтат. Эки күн убакыт ичинде дарбаза жасап сатыкка алып чыгат. Мындан сырткары кетмен, күрөк сыяктуу чарба буюмдарын да жасоону өздөштүргөн. Ширетүүчү болуп иштеген Көчөрбай уулу өз иши менен сыймыктанарын кошумчалады.

"Бул жумушта иштей баштагандан бери бир нече жолу көзүм ооруп кыйналдым. Убакыттын өтүшү менен көнүп калдым. Азыр жөн гана кара көз айнек тагып иштеп жатам, анткени көз айнек менен иштөө ыңгайлуу", - деп кошумчалады каарманыбыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: