super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Парламентте бири-бирибиз менен кырылышып, элдин ишенимин жоготтук"

 

Жогорку Кеңештин 14-декабрдагы жыйынында жергиликтүү кеңешке шайлоо менен референдумдун жыйынтыктары талкууланууда. Анын жүрүшүндө депутаттар шайлоочулардын тизмеде өздөрүн таппаганы, жабдуулардын бузулуп жатканы боюнча нааразычылыктарын айтышты.

Депутат Эльвира Сурабалдиева шайлоону өткөргөн мекемелерди өтө катуу сынга албоого чакырды. "Шайлоо менен референдумга аз шайлоочу келди, анткени партияларга болгон элдин ишеними төмөн. Биз парламентте бири-бирибиз менен кырылышып, урушуп, ишенимди жоготуп алдык. Ооба, шайлоодо кемчиликтер болду, техника бузулуп жатты, бирок биометриканы биринчи жолу киргизип жатабыз", - деди депутат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев шайлоодо болгон кемчиликтердин үстүнөн иштеген комиссия түзүлгөнүн айтты. "Анча-мынча мүчүлүштүктөр болгону менен, шайлоонун жалпы жыйынтыгына өтө деле таасирин тийгизген жок", - деп билдирди Сарпашев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: