super.kg logo

Кочкордогу эки айыл бийик тоолуу аймакка кирүүгө 10 метр жетпегени үчүн мугалимдердин айлык акысы 20 пайызга кыскарган

 

Кочкор районунун Арсы жана Семиз-Бел айылдары бийик тоолуу аймакка кирүүгө 10 метр жетпегени үчүн мугалимдердин айлык акысы 20 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, 2013-жылдан тарта жергиликтүү бюджеттен каржыланган билим берүү уюмдары республикалык бюджеттен каржыланары тууралуу өкмөттүн чечими чыккан.

"Айлык акынын туура эсептелиши боюнча кезектеги текшерүүдө белгиленген мектептердин кызматкерлерине буга чейин бийик тоолуу шарт үчүн коэффициент менен акы төлөнүп келгени аныкталган. Арсы жана Семиз-Бел айылдары 1997-жылы 25-июндагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №377-буйругундагы бийик тоолуу аймактарда жана шарты катаал алыскы аймактарда жайгашкан айылдардын тизмесине кирген эмес", - деп айтылат маалыматта.

Бийик тоолуу жана алыста жайгашкан аймактарга деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкандар гана кирет. Министрликтин маалыматына ылайык, Кочкордогу Арсы жана Семиз-Бел айылдары 1790 метр бийиктикте жайгашкан.

"Билим берүү жана илим министрлиги Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине аталган айылдарды бийик тоолуу аймактарда жана шарты катаал алыскы аймактарга киргизүү маселесин кароо сунушун жөнөттү. Бул маселе чечилгиче, кошумча каражат төлөнбөйт", - деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, Кочкор районундагы 2 мектептин мугалимдеринин айлыктары кыскартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: