super.kg logo

Бишкекте курулуш материалдары сатылбай, соодагерлер башка жумуш издеп кетишүүдө

 
Тактай саткан соодагер Анарбек Бөрүбаев

Орусия, Украина өлкөлөрүнөн алынып келинген курулуш материалдары арзан, бирок кардар жок сатылбай жатат. Мындай пикирин бүгүн, 15-декабрда SUPER.KG порталына соодагер Анарбек Бөрүбаев билдирди.

"Курулуш материалдары бизге поезд же оор жүк ташуучу унаалар менен келет. Бүгүнкү күндө курулуш материалдары сатылбай калды. Буга чейин күн сайын ар бир соодагер 10 миң сомдон жогору соода кылчу. Акыркы бир ай аралыгында соода болбой калды. Демек, жарандарыбыз каражаттын жоктугунан курулуш иштерин жасабай калышты деген түшүнүктү берет. Бишкектин базарларында курулуш материалдары сатылбай, жыйылган боюнча турат. Мен башка базарларды да кыдырып көрүп келдим", - дейт Бөрүбаев.

Анарбек Бөрүбаев "Көк-Сай" базарында курулушка тиешелүү жыгач материалдарын сатуу менен 10 жылдан бери алектенет. Ал буга чейин эжеси менен чогуу соода жасап келген. Кийинчерээк соода ишин өздөштүрүп, өз алдынча жумуш жасоого өткөн.

"Тактайлар поезд менен алынып келинсе, товар да кымбат сатылат. Ал эми жүк ташуучу унаалар менен алынып келинсе, анда кандайдыр бир өлчөмдө арзаныраак болот. Соңку убактарда соода болбой калып контейнерлерин жаап, соодагерлер башка жумушка өтүп кетишти. Мындай учурлар көп. Мындан сырткары салыктар көтөрүлдү. Буга чейин ДСП тактайларынын бир даанасы 1800 сом болчу. Азыркы убакта 1100 сом болуп калды", - деп кошумчалады соодагер Бөрүбаев.

Бишкекте сатылып жаткан курулуш тактайлары көбүнчө Орусия, Украина өлкөлөрүнөн келет. Кытай товарлары сапатсыз болгондон улам кардарлар алуудан баш тартышкан. Мындан улам соодагерлер да Кытайдын өндүрүшүнөн чыккан материалдарды алып келүүнү азайтып жатканы белгилүү болду.

Азамат Сагынбаев "Көк-Сай" базарында жүк ташуучу унаасы менен такси кызматында иштейт. Ал бул базардан курулуш материалдарын сатып алгандардын жүгүн жеткирет.

"Тактай жана башка курулуш материалдарын саткан соодагерлерде соода болбой калганы такси кызматындагы бизге да билинип жатат. Буга чейин бир күндө 10дон ашуун каттам жасап, жүк жеткирип берчүмүн. Азыр болсо "жүгүмдү жеткирип бер" деп кайрылгандар жок. Өзүбүз кардар издеп калдык. Кээде базардын кире бериш жерине туруп "такси кызматын аткарабыз" деп кыйкырабыз. Же болбосо унаанын айнегине телефон номурубузду жазып коёбуз. Ар бир кызматыбызга жолдун узактыгына жана жүктүн көлөмүнө жараша акы алабыз", - деп билдирди таксист.

Базар аралап жүрүп шифер саткан катарга өттүк. Мында да арыз-муңун айтып нааразылангандарды жолуктурдук. Алып келген шиферлери 20 күндөн бери сатылбай жатканы туурасында Темир Байтиков ой бөлүштү. Каарманыбыз сүрөткө түшүп берүүдөн баш тартты.

"Бир канча жылдан бери жашоо-тиричилигим соода менен өтүп жатат. Акыркы жылдары курулуш материалдарын сатууга өткөн элем, бирок толук кандуу өздөштүрүп кете албай жатам. Кардарымдын аздыгынанбы же бул иштин сырын билбей жатамбы, кирешем көбөйбөй койду. Же чын эле эл курулуш курбай калдыбы түшүнүксүз болуп жатат", - дейт ал.

Маалым болгондой, учурда үйдүн чатырын жабуу үчүн керектелүүчү кадимки шиферлер көлөмүнө жана калыңдыгына жараша 280 сомдон жогору бааланат. Ал эми тунукенин баасы чарчы метрине карата бычылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
15.12.2016. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаз келсе башталатта курулуштар дагы. Кичине сабыр кылыңыздар. Азыр кыш мезгили го. Эч ким курулуш кылбайтко туурабы.
15.12.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurik555,туура эн туура.
15.12.2016. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
элдер кышта стройка кылбайт кичине сабырдуу болсонор, жаздан кышка чейин Акчаны куроп алдынар Эми кичине эс алгыла! Болбосо товарыбыз отпой атат деп Ак уйго Митинке чыкыла Атамбаев куноолу деп!
15.12.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шугур дегиле туугандар
15.12.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кышында жайкы бут кийим,шорталар өтпөй калгандай эле кеп да.жайында түшүп койчу деп биз силерге жалдырайбыз,кышында түшүп берем алып койчу деп силер бизге жалдырайсыңар дегендей)).
15.12.2016. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кунуно 10-15 фура такта тажикистанга кирет. Олумуш Боло бербегиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: