Алыш күрөшү боюнча өткөн Дүйнө Кубогунда кыргыз спортчулары 3 алтын, 1 күмүш, 1 коло медаль тагынышты

10-11-декабрда Минск шаарында (Беларусь) өткөн алыш күрөшү боюнча Дүйнө Кубогунда кыргыз спортчулары командалык эсепте 1-орунду ээлешти. Мелдеште 6 комплект медаль ойнотулуп, 17 мамлекеттин спортчулары катышкан.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, анда кыргыз спортчулары 3 алтын, 1 күмүш, 1 коло медаль тагынышкан.
Алтын медалдарды Алтынай Мамарасул кызы (70 килограмм салмакта), Ирлан Казбек уулу (70 кг) жана Кайрат Маматзакиров (90 кг) багындырышты. Күмүш медалды Дильдора Рахманова (75 килограммдан жогорку салмакта) өз энчисине жазса, коло медалды Кадыр Кельсинбеков (90 кг) тагынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Алла колдосун ар дайым Кыргыз спортчуларын!!!