super.kg logo

Бишкекте 3 жаран жасалма доллар менен кармалды

 
1990-жылы туулган К.А.
1995-жылы туулган Н.Р.
1993-жылы туулган А.Р.

2016-жылдын 5-декабрь күнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына 1971-жылы туулган А.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 24-ноябрь күнү үйүнүн жанынан белгисиз жаран "Айфон 7" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун сатып алып, ал үчүн 900 жасалма доллар берип койгонун айткан.

Бул факт каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган К.А. кармалган. Анын айтуусуна караганда, мурда эки жолу соттолгон. Сурак учурунда ал жасалма 3000 долларды Ражап аттуу таанышынан алганын жана сатуудан түшкөн акчанын 40 пайызын ага бере турганын айткан.

Тергөөнүн жүрүшүндө төмөндөгүлөр белгилүү болгон: 24-ноябрь күнү Бишкектеги соода борборлорунун биринен сим-карта сатып алып "Айфон 7" үлгүсүндөгү уюлдук телефон сатам" деген жарыяга чалган. Белгиленген жерге барып, жабырлануучудан телефонду алып, ага жасалма 900 доллар берген. Кийин ал телефонду Ражапка алып келген.

Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Н.Р. кармалган. Анын жанынан 14 300 жасалма доллар табылган. Шектүү бул акчаларды Рамазан аттуу таанышынан алганын айткан. Мындан улам кылмышка шектүүлөрдүн дагы бири 1993-жылы туулган А.Р. колго түшкөн. Учурда үчөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
15.12.2016. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Өтө эле жаш балдар. Любой ишти колуна ала турган балдар, оңой жолго түшүп алганы өкүндүрөт.

Баарына биздин атка минерлер күнөөлүү . Убагында мамлекетти көтөрүп салыш керек эле. Нидерландияга окшоп түрмөлөрдү жаап отурат элек азыр.
15.12.2016. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Илгертеден калган макал бар го кыныр иш кырк жылда билинет деген азыркы учурда тебетей тегеренгиче эле билинип калып жатпайбы.
15.12.2016. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
коркунучтуу балдар экен булардын колунан жакшы иш келбейт. кепетелери айтып турат мен жаман иштерди жасаймын деп.
16.12.2016. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тобоо, тобоо кудай сактаа.
16.12.2016. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх жараткан Алла ыйман бер. Буларды да энелери жакшы тилек менен тороп остургон. Булардын кылган ишин кара. Шайтан азгырды да. Ыйман бер. Оо Аллах Оомин .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: