ЖЫЛНААМА, 15-ДЕКАБРЬ: 25 жыл мурун Египетте жүргүнчүлөрдү ташыган кеме чөгүп кетип, 500гө жакын адам каза болгон

1991-жылы 15-декабрда "Салем экспресс" деген аталыштагы жүргүнчүлөрдү ташыган кеме Сауд Арабиянын Жидда портунан Египеттин Сафага портуна бара жаткан. Кемеде жалпысынан 650 адам болуп, жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү Меккеден ажылык сапардан кайтып келе жаткан адамдар болушкан. Түн ичинде аба ырайы бузулуп, катуу бороон башталып, кеме чоң рифти сүзүп, 20 мүнөттүн ичинде чөгүп кеткен. Кырсыктан улам 470 адам курман болгондугу аныкталган. Ал эми калган 180 жүргүнчү жээктерге чейин сүзүп барып, аман калышкан.
15-декабрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.