super.kg logo

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү: "Папан айылында турак үйдө окуган окуучуларга 2017-жылы жаңы мектеп курулат"

 

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Папан айыл аймагында окуучулар жеке турак үйдө окушат. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда SUPER.KG порталына Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мурзабек Акматалиев билдирди.

"Папан айыл аймагындагы Кара-Кыр мектебин 2015-жылы сел алып кеткен. Бул мектеп алгач башталгыч класстар үчүн салынган болчу. Айылда жалпы 137 окуучу бар. Учурда авариялык абалда делген мектептин жанындагы кичине имаратта 40 окуучу окуйт. Калган окуучулар үчүн айылдагы 2 жеке турак жайды ижарага алганбыз. Ижара акысына ай сайын 1500 сом төлөнөт. Бул каражат жергиликтүү айыл аймактын бюджетинен жумшалат. Мектепти жаңыдан куруу боюнча тиешелүү кызматтарга кайрылганбыз", - деп билдирди Акматалиев.

Мурзабек Акматалиевдин маалыматына ылайык, жаңы мектепти куруу 2017-жылдын планына киргизилген. Буга чейин 100 орунга ылайыкташтырылган мектепке 50 сотых жер бөлүнүп, пайдубалы түптөлүп, курулушу токтоп калган.

Эске салсак, окурман 15-декабрда "Элдик кабарга" Папан айыл аймагындагы Кара-Кыр мектебинин абалы начар экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: