Бишкекте унаа сүзүп кеткен эки студент кыздын абалы оор
Бишкекте унаа сүзүп кеткен эки студент кыздын абалы оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Илим изилдөө жана ортопедия борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.
Анын айтымында, эки студент кыздын баш мээси катуу жабыркаган. Учурда экөө тең жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми айдоочу жалпы палатада дарыланууда.
Айта кетсек, жол кырсыгы 14-декабрь күнү саат 18:40 чамасында Медеров көчөсүндө болгон. Анда күн чыгышты көздөй келе жаткан айдоочу унаасы менен эки студент кызды сүзүп, бирин тебелетип кеткен. Алар Кыргыз улуттук агрардык университетинен сабактан чыгып келе жатышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
-2

Мастыр байкабай калгандыр, ар бир адам озуно сак болушса жолдон.