super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Русалкалар жок, бирок суу пери синдрому менен азыркы учурда да балдар төрөлүүдө"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Чын эле суу перилер барбы?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Русалкалар жок. Русалка синдрому - булар биригип калган бут кетмендери бар генетикалык синдром, булар сууда деле сүзө алышпайт".

"Маалыматтарга таянсак, деңизге, океандын жээгине балык кармоого же кандайдыр бир иши менен барган адамдар ылдыйкы бөлүгү кудум балыктыкындай, бутунун учунда куйругу бар, үстү кадимки адамдардыкындай сөөктөрдү табышкан экен".

"Чейрек кылым илгери, СССР убагында бизге жакын кошуна аял киндиктен өйдө жагы кадимки наристе, ылдый жагы балыктын куйругундай ымыркай төрөп, 2-3 күн жашап, чарчап калганын апам азыркыга чейин айтып калат. Бул болгон окуя, факт. Ал адамдардын аты-жөнү, дарегинен бери бизге маалым".

"Cуу пери синдрому менен азыркы учурда да балдар төрөлүүдө. Ал балдарды чын эле "суу пери" деп атоого болбойт. Себеби, биринчиден, алардын биригип калган бут таманы балыктардыкындай куйрук эмес, экинчиден, териси чыныгы суу периникиндей эмес дешет илимпоздор. Аз жашагандыгынын себебин организминин туура эмес өрчүп калгандыгы менен түшүндүрүшөт".

"Менимче, чыныгы суу перини мультфильмден гана кездештирүүгө болот. А ошол мультфильмдеги суу периге окшош ар кандай синдром менен жабыркап жарык дүйнөгө келген "жаныбарлар" бар".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.12.2016. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
кудай сакта!Кудайым бизге алты саны аман,денсоолугу чын балдардан берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: