super.kg logo
  Спорт  

Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы күрөшүү агенттиги Орусиянын 31 биатлончусун "допинг колдонгон" деп айыптоодо

 

Биатлончулардын эл аралык кеңеши (IBU) Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы күрөшүү агенттигинен Орусиянын 31 спортчусунун фамилиясы жазылган кат алды. Катта тизмедеги спортчулардын допинг колдонгону жазылган.

Орусиялык басылмалар кабарлашкандай, белгиленген спортчулардын айрымдары карьерасын бүтүргөн. Айрымдары спорттон четтетилген. Ошондой эле бүгүнкү күндө эл аралык мелдештерге катышып жаткандары да бар. Айрым спортчулардын январь айында орун ала турган Дүйнө Кубогуна катышуусу күмөн болуп калганы айтылууда.

Кошумчалай кетсек, өткөн аптада аталган агенттиктин көз карандысыз комиссиясынын башчысы Ричард Макларен баяндама окуп, Орусиянын спорт тармагына токтолгон. Анын маалыматында "Сочи-2014" Кышкы Олимпиадасында 4 алтын медалды камсыздаган орусиялык спортчулардын допинг колдонгону аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.12.2016. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыштын куну жамгыр жааса деле Бакиевди куноологондой, биатлончусуна деле допинг дегени ото ашыкча го. Оор атлетика, бокс ж.б.у.с. спорттун турлоруно допинг десе чындыкка жакыныраак болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: