super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 16-ДЕКАБРЬ: Медицина илимдеринин доктору, нейрохирург Миталип Мамытов 77 жашка толду

 

Медицина илимдеринин доктору, нейрохирург, профессор, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Миталип Мамытов 77 жашка толду.

Миталип Мамытов 1939-жылы 16-декабрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылында туулган. Кызыл-Кыядагы медициналык окуу жайын жана Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык дипломдору менен бүтүргөн. 1972-жылы Ленинградда кандидаттык, 1987-жылы Киевде докторлук диссертацияларын жактаган. Республикалык клиникалык ооруканада нейротравматология бөлүмүнүн башчысы, 12 жыл бою неврология жана нейрохирургия кафедрасынын доценти, профессору, 1999-жылдан баштап ушул бөлүмдүн кафедра башчысы болуп иштеген. 1997-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын илимий жана дарылоо иштери боюнча проректору.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери, Эл аралык "Боорукер" наамынын ээси, Орусиянын Нейрохирургдар ассоциациясынын президиумунун ардактуу мүчөсү, Нью-Йорк илимдер академиясынын анык мүчөсү, "Алтын кылымдын" 100 асыл адамдарынын бири. 100дөн ашык илимий иштердин, 4 окуу куралынын, 3 ойлоп табуунун жана автордук күбөлүктүн, 4 рационалдык сунуштун автору. Даңк медалы менен сыйланган. 2001-жылдан тарта Бүткүл дүйнөлүк нейрохирургдар ассоциациясынын жетекчилер тобунун мүчөсү жана Кембриждеги (Англия) эл аралык борбордун алтын медалына татыктуу болгон.

16-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: