super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 16-ДЕКАБРЬ: 241 жыл мурун англис адабиятынын көрүнүктүү жазуучусу Жейн Остин төрөлгөн

 

Англиялык адабияттын көрүнүктүү жазуучусу Жейн Остин 1775-жылы 16-декабрда Англиянын Стивентон аймагында төрөлгөн.

Анын "Сезимдер жана сезимталдык" (1811), "Текебердик жана шек саноо" (1813), "Менсфильд - парк" (1814), "Эмма" (1815) деген чыгармалары англис адабиятынын шедеврлери болуп эсептелет. Учурда Жейн Остиндин чыгармалары Англиядагы университеттер менен колледждерде милдетүү түрдө окутулат.

Ал Британиянын адабиятына реализмди алып келген жазуучу катары белгилүү. Сатираларды жазуу менен психологиялык жана комедиялык жанрларда мыкты чыгармаларды жарата алган.

Жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө бир катар тасмалар жарык көргөн. Алсак, 2002-жылы англиялык режиссёр Никки Паттисон "Чыныгы Жейн Остин" деген тасма тарткан. Ал эми 2007-жылы режиссёр Жереми Ловеринг "Жейн Остиндин сүйүүдөгү ийгиликсиздиктери" деген фильм жараткан. Ошол эле жылы режиссёрлор Жулиан Жаррольд жана Робин Свикорд жазуучунун өмүр баянын чагылдырган тасмаларды тартышкан. 2013-жылы америкалык режиссёр Жеруша Хесс жазуучу жөнүндө "Остинленд" деген комедиялык тасманы жарыкка чыгарган.

Жейн Остин 1817-жылы 18-июлда Уинчестер шаарында көз жумган. Өлүмүнүн алдында ал акыркы "Сендитон" романын жазып, аягына чыкпай калган. Анын бул чыгармасы жыйынтыкталбай калса дагы окурмандарды өзүнө тартып турат.

16-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: