Сокулук районунда тургунду "арак алып бер" деп ур-тепкиге алган жаран кармалды
Сокулук районунда тургунду "арак алып бер" деп ур-тепкиге алган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 14-декабрь күнү Сокулук РИИБинин кызматкерлерине 29 жаштагы Ж.Д. кайрылган. Анда ал Абай аттуу чала таанышы "арак алып бер" деп ур-тепкиге алганын айткан. Бул арыздын негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 32 жаштагы М.А. кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.