Согушка чейин гүлдөгөн, согуштан кийин күлгө айланган Алеппо (фото)






















Алеппо дүйнөнүн эң байыркы шаарларынын бири болуп эсептелет. Бул шаар сириялык кол жазмаларда биздин заманга чейинки 3000-жылдарда эскерилген. Алеппо Улуу Жибек жолунда жайгашкандыктан, дүйнөлүк тарыхта өз орду бар.
Тилекке каршы, анын көчөлөрүнө 2012-жылы келген согуш 4 жыл өткөн соң токтоду. Анда болгон жардыруулар илгерки шаардан урандыларды гана калтырды. Согушка чейин түнкүсүн шаар жаркырап, соода борборлору, кафе, ресторандар, мейманканалар кадимкидей иштеп турчу.
Сириялык саясий изилдөөлөр борборунун маалыматы боюнча, 2016-жылдын февраль айынын башында эле согуш маалында 470 миң тургун каза болгон. Бул шаарды калыбына келтирүү үчүн триллион доллар керектелет.
Жогорудагы сүрөттөрдөн Алеппонун согушка чейинки жана согуштан кийинки абалын көрө аласыз.



Эл кыйналса которулот 2005 жана 2010-жж.окшоп.
Ыйманы жок калкты
калкан калкалабайт!
Согуштун айынан кыйналган наристелердин коз жашын агыза корбо тынч заман бере кор.