super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев: "Барган сайын Орусиянын бизге ишеними артууда"

 

“Эки күндүн ичинде экономикадан баштап гуманитардык маселелерге чейин кызматташтыктын бардык тармагында сүйлөшүүлөр болду. Бирок негизги жыйынтык – бул барган сайын Орусиянын бизге ишеним артып бара жатканы”,- деди премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 23-апрелде Орусияга болгон иш сапарын жыйынтыктап жатып.

Ал Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгынан үмүтү чоң экенин белгиледи.

Эске сала кетсек, өкмөт башчы 22-23-апрелде 2 күндүк иш сапары менен Москвада болуп, бир катар маанилүү маселелер боюнча сүйлөшүү жүргүзүп кайтты. Алардын катарында "Кыргызгазды" Орусияга сатуу жана Кыргызстанда курула турган жаңы ГЭСтер тууралуу маселелер болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: