super.kg logo

Талас районунда 25 директор, 7 бала бакчанын жетекчиси кызматынан бошотулду

 

Талас районунда 25 мектеп директору, 7 бала бакчанын жетекчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Талас районунун акими Бакыт Нуржанов билдирди.

Маалыматка ылайык, директорлордун кызматтан алынышына 24-октябрда жумуш убактысында иш ордун таштап, Бишкек шаарына Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобековага жолугуу үчүн кеткендиги себеп болгон. Алар Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынара Назаралиеванын кызматтан алынышына нааразычылык билдирип, аны кайра өз ордуна кайтарууну талап кылышкан.

"25 мектептин директору жана 7 бала бакчанын башчылары чогулуп, район жетекчилигинен же облустук администрациядан уруксат албай Бишкекке кетип калышкан. Мында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси одоно түрдө бузулган. Алар Билим берүү министрлигине түшүнүксүз талаптарды коюп, Жогорку Кеңешке барышкан. Директорлордун бул аракетин Жогорку Кеңештин Социалдык комитети карап, аларга чара көрүүнү талап кылган. Жыйынтыгында директорлор өз эрки менен арыз жазышып, кызматынан бошотулушту", - деп билдирди район акими.

Бакыт Нуржановдун маалыматына ылайык, Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынара Назаралиева кызматынан бошотулган. Анын ордуна Байыш Керимбаев дайындалган. Учурда мектептерде окуу бөлүмүнүн башчылары иш алып барышууда.

Эске салсак, Талас районунда 28 мектеп бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(17)
16.12.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талас облусунда 28 мектеп бар го анан неге району дейсинер админ? А тынара болсо соз жок аял.
17.12.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arzuuu, маалымат такталган.
17.12.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arzuuu,областы девей эле району деп эле жазылып турбайбы кашкайып. тушунуп окуш керек го бир аз. баштан аякчы.
16.12.2016. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
расс кылыптыр
16.12.2016. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кулактyу болобуз деп муйуздорyнoн ажырашыптыр да
16.12.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
садиктерде шумдук коррупция. ошолорду да текшерсе экен.
16.12.2016. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздин ноокен райондун мектептерин да бир текшерип бут алмаштырыш керек
16.12.2016. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул саясий оюн, андай болсо депутаттардын баарын иштен алыш керек жумуш ордунда жок деп
16.12.2016. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызматтарынан бошотулушту деп жазсанар туура болот. Бул жерде бир эле адам жонундо соз болгон жокта
16.12.2016. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шамалдуу сайдагы мектептерди садиктерди да текшерсенер болмок коррупциянын очогу садикте.....
17.12.2016. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ неге коммент чыкпай жатат?
17.12.2016. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
arzuuu,Чыгыптыргоо.)))
17.12.2016. 07:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
жанылары ишти уйронгучо , коп иш аткарылбай калат, бийликтин кысканы бу да болсо...
17.12.2016. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abusait, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөргө тыюу салынат. Эскертүү!
17.12.2016. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тынара эжеке жакшы эле ичти,жеди. тайрандады болушунча. эми болду да уят да керек го. дагы коп нерсе жащат элем ошол эже жонундо,бирок такталбаган маалымат болуп калат.
17.12.2016. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Izdeim_seni.,ооба туура айтасын. Машинелерине кеп жок дааааа. Коруп мммдааааа ушундай машинени кантип алды дейсин (((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: