super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте 100дөн ашык спортчунун катышуусунда сууда сүзүү боюнча өлкө кубогу үчүн мелдеш старт алды (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 16-декабрда Бишкекте сууда сүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Кубогу старт алды. Ачылыш аземине Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов, КРнын Сууда сүзүү федерациясынын президенти Уланбек Акматбаев жана башкалар катышты.

Мелдешке 100дөн ашык спортчу катышууда. Кыргыз жеринен 9 клубдун спортчулары, Казакстандан 2 клубдун өкүлдөрү жана Орусиядан 1 клубдун өкүлдөрү келишти. Анда 17 жаштан жогорку курактагылар арасында жеңүүчүлөр өзүнчө аныкталат. Ошондой эле 14 жаштан 16 жашка чейинкилер өз ара жеңүүчүнү аныкташса, 13 жашка чейинкилер өзүнчө жарышмакчы.

Программага 50 метр аралыкка баттерфляй стилинде сүзүү, 100 метр аралыкка чалка чабак уруу, 50 метр аралыкка брасс стилинде сүзүү жана эркин стиль киргизилген. Ошондой эле 200, 400 метр аралыктарга сүзүүдө жеңүүчүлөр аныкталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: