super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт эски дөңгөлөктөрдү сатууга уруксат берүүчү токтом долбоорун макулдашып жатат

 

Евразиялык экономикалык биримдик Кыргыз Республикасына автоунаалардын эски дөңгөлөктөрүн алып кирүүгө жана сатууга тыюу салат. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын отурумунда экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаев билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда жарандардын жашоо шартын эске алып, эски дөңгөлөктөрдү өлкөгө киргизүүгө жана сатууга уруксат бере турган атайын токтом даярдалып жатат. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги бир ирет колдонулган дөңгөлөктөрдү сатууга лицензия берип келсе, 2015-жылы өлкө Евразиялык экономикалык биримдигине киргенден кийин лицензия берүү токтотулган. Аталган агенттик тарабынан эски дөңгөлөктү сатууга уруксат берүүчү токтом долбоору даярдалып, учурда тийиштүү органдар менен макулдашылып жатканы айтылды.

Түмөнбаев түшүндүргөндөй, ЕАЭБде автоунаалардын бир ирет колдонулган дөңгөлөктөрү зыян буюмдар деп саналат. Аларды импорттоо жана экспорттоо лицензия аркылуу гана мүмкүн, ал эми сатууга тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: