super.kg logo

Таш-Көмүрдө шахтадагы кырсыктан 2 адам каза болду, 2 адам аман калды (хронология)

 

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы көмүр шахтасында уранды алдында калган 4 адамдын экөөсүнүн жансыз денелери табылып, экөө куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-декабрда саат 12:00 чамасында "Северная" шахтасында кырсык катталып, 4 адамды басып калганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

12:05. 2-Өзүнчө издөө куткаруу отрядынан полковник А.Булановдун жетекчилигинде 20 куткаруучу кырсык болгон жерге жөнөп кеткен.

12:30. Уранды алдында калгандарды издөө иштери башталган.

12:39. Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын Таш-Көмүр шаарында жайгашкан бөлүмдүн куткаруучу капитаны Н.Атамбековдун жетекчилигинде 6 куткаруучу жөнөп кеткен.

13:00. Жалпы 27 куткаруучу издөө иштерин биргеликте уланткан.

14:10. Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1978-жылы туулган К.Д. куткарылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

15:30. Эки адамдын жансыз денелери табылган. Алар: Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1978-жылы туулган Ч.Б. жана Аксы районунун Райкомол айылынын тургуну У.Н.

15:45. 2-Өзүнчө издөө куткаруу бөлүгү жансыз денелерди Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын сөөктөрдү кармоочу жайына жеткирип берген.

23:10. 1987-жылы туулган Аксы районунун Райкомол айылынын тургуну Б.Д. куткарылып, ооруканага жеткирилген. Ал 11 саат уранды алдында жатып, аман калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
17.12.2016. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аман калгандары тез аранын ичинде жакшы болуп кетсин. Отуп кеткендерди АЛЛАХЫМ оз бейишине алсын. Уйбулоосун багайын деп жургон Кыргыз боордошторум.
17.12.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай жаткан жерлери жайлуу болсун.(((
17.12.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
МЧСте эмне бир дагын техника жокпу.Карагылачы бут эле ручной кайлоо,лапаталар м-н иштеп жатышат.Кайдагы болбогон ар эки жылда отучу жана ага милиардтаган акчаларды сарптап жаткан Кочмондор Оюнуну токтотуш керек.Анынордуна эксковатор орт очуручу жана тез жардам беручу машинелерди куткаручу тик учактарды сатып алсак болот эле.Балким ошол техникалар б-ндо бул эки шахтерду аман алып калат элек.
KGstan1981 түзөттү 2016-12-17 17:11:10
17.12.2016. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
KGstan1981,шахтага эксковатор кирмек беле шахтаны кордун беле
17.12.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
daiyrbek01,Суроту жакшы карасан горизонтальный(стволовой) шахты эмес экен. Уклонный шахты экен 21 кылымда жарадарды арабага салып кол менен туртуп чыгып жатышат.Кайла менен иштегенден коро отбойный молотокту компресерге подключать этип салса пародаларды заматта эле жарып салат.Ал эми жарадарды арабага салып ручной туртконгого караганда либетка коюп либеткадагы тросту арабага улап тартыш керек.Мен мактанбаймын бирок мен РФте ВГСО(Военнизированный Горно Спасательный Отдел) при МЧС РФ иштейм.
KGstan1981 түзөттү 2016-12-17 17:51:02
19.12.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KGstan1981,чын элеби,сиз да куткаруучу экенсиз да анда, кантип кирдиниз эле, билиминизди да ал жактан алгансызбы....
17.12.2016. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Байкуштар жумушсуздуктун айыдан уй булосун багам деп журотда. Каза болгондорду Аллах оз мееримине алып бейишиден орун берсин!!! 2017- ж Ким президент болсода Акаевдей болуп жерин сатып элин алдабаган, Атамбаевдей болуп кытайларга эшек сатпаган. Эл учун куйгон С Жапаровдой М Мырзакматовдой И Разаковдой Президент келсин!!!
17.12.2016. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эх алар да шейит турундо олду кудайым бешине алсын
17.12.2016. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу болсун мчсте иштегендерге дагы чоон рахмат куткаргандарына
17.12.2016. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
10-20 сом табам дер бала чакасын багам деп жандарынан айрылып жатышат.Чондор миллиондорду кымырып жеп коюп жатышат чындык калбады.
18.12.2016. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде мындайлар жылыга болот, кайра эле коркпой чыга беришет. Айла жок да, акчаны кайдан табышмак эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: