super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Сузакта соодагерлер жергиликтүү бийликтен жайма базарга жер бөлүп берүүнү суранышууда

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда ар жумада жайма базар уюштурулуп жатат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, буга чейин жайма базар сейил бактын ичинде эле болуп жаткан, анан соода кылгандар милицияны укпай жолго чейин товарларын жайып башташкан. "Эми болсо сейил багына жайдырбай, адамдарды да, сатуучуларды да кыйнап баткак жакка киргизишти. Адамдар аябай нааразы болушту. Бул маселени тез арада чечип берүүңүздөрдү суранабыз. Ар жума күнү болгон жайма базар тартипке салынышы керек. Соода кылган адамдарга ыңгайлуу шарт түзүп беришсе жакшы болот эле", - деп кайрылды жергиликтүү өкмөткө окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: