Испаниянын Мадрид шаарында 10 миңдей адам митингге чыкты

Испаниянын Мадрид шаарында 10 миңдей адам митингге чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 18-декабрда акциянын катышуучулары испан өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан саясатына каршылыгын билдиришкен. Митингчилер социалдык төлөмдөрдү жогорулатуу, айлык акыларды көтөрүү, пенсия төлөмдөрүн көбөйтүү жана адилеттүү салык саясатын жүргүзүүнү талап кылышкан.
Маалым болгондой, Испания өкмөттү акыркы беш жылдан бери экономикалык каатчылык менен күрөшүп келет. Аталган өлкөдө соңку убактарда 60тай нааразычылык акциялары өткөрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.