super.kg logo

Активисттер өлгөн малдын эти сатылып жаткан Бишкектеги "Ош базарынын" жабылышын, кылмыш иши козголушун өтүнүштү

 

Бишкектеги "Ош базарында" өлгөн малдын эти сатылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда маалымат жыйынында жарандык активисттер айтып чыгышты.

“Мага базарда иштеген адамдар өлгөн малдын эти сатылып жатат деп кайрылышты. Бул боюнча иликтөө жүргүздүк. Учурда мамлекеттик кызматкерлерден эч кандай аракеттер жасалбай жатат. Санитардык-эпидемиологиялык кызматы маалыматты чыгарбаш үчүн акча сунуштады”, - деп билдирди журналист Элнура Молдокадырова.

Маалыматка ылайык, сапатсыз эттердин сатылышы боюнча маселе буга чейин 2 жыл мурда көтөрүлгөн. Ал учурда базар убактылуу жабылган. Аталган базар 12 жылдан бери иштеп келет.

“Ош базарында" өлгөн малдын эттери сатылып жатат. Бизде жашыруун тартылган видеолор бар. Бул ишке чек койбогон Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылабыз. Ошондой эле Ички иштер министрлигинен иликтөө жүргүзүүнү суранабыз. Саламаттыкты сактоо министри калктын саламаттыгы үчүн аракет жасашы керек болчу. Биз президентке, премьер-министрге, депутаттарга кайрылабыз, өлгөн малдын этинин сатылышына чек коюлсун. Керек болсо кылмыш ишин козгош керек. Биз базардын таптакыр жабылышын каалайбыз”, - деп билдирди Cоциал-демократтар партиясынын жаштар канатынын лидери Ринат Самудинов.

Ал эми журналист Темирлан Сейитбеков өлгөн малды союп жатышканын көргөнүн айтты. Ошондой эле чөө, карышкыр жеп кеткен малдын эти сатылып жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(8)
19.12.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уят эле уят, эмне болуп баратасынар Ош базардан эч киминер эт албагыла, бир кумалак бир карынды чиритет болуп башкаларга зыян келтирип жатасынар
19.12.2016. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аллахтан корксо боло.
19.12.2016. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Видеорепортажын кордум Элнуранын.Адамдарда ыйман калбаптыр,акчанын артынан кубалап.Эт жебес болдум.
19.12.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainur78007,кайдан корсо болот
19.12.2016. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulim_zamujem,одноклассниктен кордум мен.
19.12.2016. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми ушунга оттубу?Арам нерсе сатып ошол арамдан тапканы буйруйт бекен эми?((
19.12.2016. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Олгон малдын эти жон-до репортаж КТРКдан бир жума б-п калды тартылганы.Эмне у-н бийлик окулдору эч бир чара корбой жатышат.Жэ элди алдап референдумду откозуп алышып майрамды каттуу откозуп жатышабы.
19.12.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олгон малдын этин базар ачылгандан бериле сатып келишет!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: