Бишкекте ардагерлер арасында хоккей боюнча мелдеш өтөт
Бишкек шаардык муз аянтында 26-30-апрель күндөрү спорттун хоккей түрү боюнча ардагерлер арасында мелдеш өтөт. Бул тууралуу Шаардык муз аянтынан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, муз аянтына 40 жаштан жогорку спортчулар чыгып, таймаш өткөрүшөт. Анда Бишкек, Нарын, Алматы, Ысык-Көл шаарларынан жана Нарын облусунан 5 команда ат салышмакчы. Алардын катарында борбордун белгилүү “Арстан” жана “Хан-Теңири” хоккей клубдарынын оюнчулары да бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.