super.kg logo
  Саясат  

Жылдыз Жолдошованын "Бишкектеги митингге 3000 киши чогулду" деген жалган сөзүн төрага сынга алды

 

Жамгыр жаап жатканына карабай "Ала-Тоо" аянтындагы митингге 3 миңден ашык адам чогулду”. Мындай билдирүүнү бүгүн, 24-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова айтып, алардын суроо-талаптарын угуу зарыл экенин айтты. “Биз өкмөт чече турган маселени карабашыбыз керек. Жогорку Кеңеш элдики, биз аларды угушубуз керек. Эгерде укпай койсок, нааразы болот, бизге мунун кереги барбы?”- деди Жолдошова. Ал эми төрага Асылбек Жээнбеков депутат Жылдыз Жолдошованы жалган сүйлөбөөгө чакырды. Төрага аянтка 300дөй гана адам чогулганын баса белгиледи. “Жогорку Кеңештин жыйыны радио аркылуу элге түз угузулуп жаткан соң так маалымат беришибиз керек”,- деди төрага. 

Айта кетсек, учурда борбордук "Ала-Тоо" аянтында жүргөн кабарчыбыздын айтымында, чогулгандардын саны 300гө жеткен жок.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: