super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 19-ДЕКАБРЬ: 101 жыл мурун немис невропатологу жана психиатры Алоис Альцгеймер көз жумган

 

1915-жылы 19-декабрда немис невропатологу жана психиатры Алоис Альцгеймер көз жумган. Ал алкоголдук психоз, шизофрения, талма, мээнин сифилиси, Хантингтондун хореясы, пресенилдик психоз сыяктуу темалардагы макалалардын автору.

А.Альцгеймер 1864-жылы 14-июнда Германияда төрөлгөн. Варцбург шаарында медициналык билим алып, 1887-жылы 23 жашында докторлук диссертациясын жактаган. Франкфурт-на-Майне шаарында Нерв ооруларынын психиатриялык клиникасында ассистент болуу менен эмгек жолун баштаган.

Альцгеймер нерв системинин патологиясын өздөштүрүүгө чоң салым кошкон. Өзүнүн изилдөөлөрүнө таянып ал нейродегенеративдик генез менен акыл жетишсиздигинин ортосундагы айырмаларды сүрөттөгөн.

1906-жылы Альцгеймердин 50 жаштагы Огюст аттуу бейтабы эс тутумун жоготуудан жабыркап, галлюцинацияга кабылып, оорусу күчөгөндө 55 жашында каза болгон. Дарыгер бул ооруну 5 жыл изилдеп, анын мээсинин сырткы кабыгы ичкерип кеткендигин байкаган. Мындан улам анын кесиптеши Эмиль Крепелин карыгандагы акыл жетишсиздигинин бир түрүн Альцгеймердин атынан атаган, себеби бул ооруну эң биринчи Альцгеймер изилдеп, сүрөттөгөн эле. Альцгеймер оорусу менен көбүнчө 40-60 жаштагы адамдар жабыркайт. Бул илдет эс тутумдун начарлашына, жумушка болгон жөндөмдүн азайышына жана убакыттагы, мейкиндиктеги дезориентацияга алып келет.

19-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: