super.kg logo

2016-жылы өлкө аймагында имамдарды компьютер менен камсыздоого 2 миллион 670 миң сом сарпталды

 

Бишкекте облус казылары жыл жыйынтыгын чыгарып, отчёт тапшырышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда муфтияттан билдиришти.

"Иш-чаранын алкагында облус казылары аткарган иштеринин очётторун тапшырышты. Жыл жыйынтыгын чыгарган отурумга муфтий Максатбек Токтомушев, аймактагы дин кызматкерлери катышты. Жыйындын алкагында эл арасында түшүндүрүү, терс диний агымдардын алдын алуу иштерин активдүү жүргүзгөн казыяттын өкүлдөрү Ардак грамота жана алкыш баракчалары менен сыйланышты. Ошондой эле 33 имамга компьютер тапшырылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Жыйындын жүрүшүндө диний сабатсыздыкты жоюу, радикализмди болтурбоо максатында мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы айтылды. Соңунда райондук имамдарга компьютер жана түстүү принтерлер тапшырылды.

Муфтияттын маалыматына ылайык, 2016-жылы өлкө аймагындагы район шаарлардын имамдары 2 миллион 670 миң сомдук компьютер жана принтерлер менен камсыздалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: