super.kg logo

Кыргыз жергесине интернет жеткирүү боюнча 4 өлкө менен сүйлөшүүлөр өттү

 

Кыргыз Республикасына альтернативдүү интернет-каналдарын алып келүү үчүн 4 өлкө менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик маалымат технологиялар жана байланыш комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев орусиялык, казак, азербайжан жана кытай тараптар менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү маалым болду.

  • Москвада Орусия Федерациясынын Байланыш жана массалык коммуникациялар министри Николай Никифоров менен маалымат технологиялар, почта жана электр байланыш тармагындагы кызматташтык тууралуу сөз болуп, "Ростелеком" интернет компаниясынын интернет жеткирүүсү боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.
  • Астанада Казак Республикасынын Маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаев менен болгон жолугушууга казакстандык "Казактелеком", "Транстелеком", "KazTransCom" акционердик коомдорунун жана "TNS-Plus" жоопкерчилиги чектелген шериктигинин жетекчилери катышкан. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө казак операторлору кызматташууга даярдыгын билдирип, өткөрмө жөндөмдүүлүктү көбөйтүүгө кызыкдар экенин белгилешкен.
  • Ошондой эле Астанадагы "China Telecom" компаниясынын аймактык жетекчиси менен болгон жолугушууда интернетти Кытай аркылуу алып келүү тууралуу сүйлөшүү өткөн. Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында Кыргыз, Кытай, Өзбекстан өлкөлөрү бул багытта кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшкан. Учурда бааларды аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалым болду. Бул сүйлөшүүлөргө мамлекеттик органдар кийлигише алышпастыгы баса белгиленет маалыматта.
  • Комитеттин төрагасы Бакуда Азербайжандын Байланыш жана жогорку технологиялар министри Рамин Гулузаде менен жолукканда, министр "Азеркосмос" компаниясына таандык спутниги аркылуу интернет жеткирүүгө кызыкдар экенин билдирип, бул багытта кызматташууга даяр экенин айткан. Ошондой эле эки тарап өлкөлөр аралык тажрыйба алмашуу кызматташтыгын да сүйлөшүшкөн.

"Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен өлкөгө интернет байланышын алып келүү боюнча альтернативдүү жолун табуу аракети көрүлүп жатат. Ал эми депутат Зиядин Жамалдиновдун Казакстандын интернетин спутник интернетине алмаштыруу сунушу боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз:

2014-жылдан бери өлкөнүн телевизиондук каналдары франциялык "Eutelsat" компаниясынын спутниги аркылуу көрсөтүлүп келет. Ал жабдуунун жардамы менен интернет алуу мүмкүн эмес. Ал үчүн 500 миң долларлык жабдуу орнотуу зарылчылыгы чыгууда. Спутник интернети кымбат экенин да белгилейбиз. Мисалы, анын баасы операторго гана эмес, керектөөчүгө да секундасына 1 Мб 1400 долларды түзөт. Телевизиондук канал үчүн секундуна 1 Мб 1000 долларга барабар", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргыз жергесинде интернет кымбаттап, айрым операторлордун жана тургундардын нааразычылыгын жараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.12.2016. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапаттyу, арзан интернет келсе экен
19.12.2016. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайдан бери кабель тартып келе жатышат го буюрса биздин айылдын жанына отту
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: