super.kg logo
  Спорт  

Азия чемпиондугунун тандоо туру: 19 жашка чейинки курактагы футболчу кыздарыбыз Таиланд, Мьянма жана Палестина курамаларына каршы турушат

 

20-24-декабрь аралыгында 19 жашка чейинки курактагы футболчу кыздардан түзүлгөн улуттук курамалар арасындагы Азия чемпиондугунун тандап алуу туру өтөт. Мьянмада өтө турган мелдешке өлкөбүздүн футболчу кыздары жөнөп кетишти.

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, чүчү кулактын жыйынтыгында биздин футболчуларыбыз "С" тайпасынан орун алышкан. Бул тайпада Мьянма, Таиланд жана Палестина курамалары бар. Назарыңыздарга оюндардын тизмесин сунуштайбыз:

20-декабрь. Саат 14:30 (Бишкек сааты боюнча) Таиланд–Кыргыз Республикасы

22-декабрь. 17:30 Кыргыз Республикасы–Мьянма

24-декабрь. 14:30 Палестина–Кыргыз Республикасы

Машыктыруучу Гульбара Уматалиева жетектеген машыгуу сборуна 23 футболчу кыз чакырылган:

Дарбазачылар: Юлия Ломакова, Ангелина Гайер, Лоида Сагынбекова.

Коргоочулар: Алтынай Байзулдаева, Адинай Кылычбек кызы, Елизавета Подскребко, Ширин Анибарова, Кенже Асанакунова, Айзат Арабидин кызы, Баяна Келишова.

Жарым коргоочулар: Өмүркан Токтогулова, Керемет Исмаилова, Кенжебүбү Ырысбек кызы, Бибинур Романова, Бактыгүл Токтоболотова, Насибахон Анарбаева, Виктория Далингер, Гаухар Мурзалиева, Алтынай Курманалиева.

Чабуулчулар: Сетора Султанова, Малика Кадырова, Айжан Боронбекова, Шахноза Ибраимова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.12.2016. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы мамлекет экен так эсимде жок бир мамлекеттин кыздар курамасында 7эркек бала ойноп жүргөн экен элего .
19.12.2016. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tulpar90,
Иран
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: