Депутаттарга төш белгини 3,4 миллион сомго жасоону сунуштаган компания тендерден утту
Борбордук шайлоо комиссиясы 11-декабрда шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына төш белги жасоо боюнча тендердин жеңүүчүсүн атады. Тендерге 11 компания катышып, анын ичинен кызматынын кымбаттыгы боюнча 4-орунда турган компания жеңүүчү болду. Компания 9 миң төш белгини 3 миллион 420 миң сомго, 9 миң күбөлүктү 1 миллион 300 миң сомго жасап берет. Баары биригип 4 миллион 720 миң сомду түзөт. Башында БШК кызматтык күбөлүктөрдү жана төш белгилерди жасоо боюнча 6,3 миллион сомго тендер өткөрүлөрүн жарыялап, бул аракет коомчулук тарабынан сынга кабылган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
-2

2.Депутаттын тош белгиси илгертен келе жаткан, дээрлик бардык мамлекеттерде бар нерсе, б.а. стандарт,бул жанылык деле эмес. 3.Бул норманы бузса деле болсо керек (шартка жараша,озубузго ылайыктап).4.Мен аны жактап,колдоп жаткан жокмун,жон гана тушундурмо бердим.
Тош белги тангынар келсе, уйунордон которуп келген акчанарга жасаттырып тагына бергиле!!!
Окмоттун казынасына арам колунарды сойлотпогула.
кээ биролоор кечээрге суу табат леген ушул да.
Кашыктап чогултан бюджеттин акчасын, чомучтоп чачкыла!!!