super.kg logo

Орусия Түркиядагы элчисинин өлтүрүлүшүнө жоопту Сирияда кайтарышы мүмкүн

 

Орусиянын жана Түркиянын расмий өкүлдөрү эки өлкөнүн кызматташтыгына доо кетирүү, чагым чыгаруу максатында Орусиянын Түркиядагы элчиси өлтүрүлгөнүн айтышууда.

"Hurriyet Daily News" басылмасына Түркиянын Ички иштер министрлигинин башчысы Сулейман Сойлу билдиргендей, элчи Андрей Карловду 22 жаштагы Мевлют Мерт Алтынташ аткан.

Мевлют Мерт Алтынташ

Күбөлөрдүн айтымында, ал "Алеппону унутпагыла, Сирияны унутпагыла! Аллаху акбар!" деп кыйкырган. Мевлют Мерт Алтынташ 1994-жылы 24-июнда Айдын шаарында туулган. Измирде полиция кызматкеринин адистигин окуп бүтүрүп, 2 жыл атайын бөлүктө кызмат өтөгөн. Элчини атар күнү ал галереянын күзөт кызматынын түзүмүндө иштеген. Түркиянын укук коргоо органдары Алтынташтын апасын, эжесин жана атасын кармашканы маалым болду.

Эксперт Домитилла Саграмосонун айтымында, окуя Анкара менен Москванын кызматташтыгына караганда Сириядагы абалга көбүрөөк таасир берет.

"Бул кылмыш эки тараптын кызматташтыгын жокко чыгарбайт, себеби Түркия окуя болор замат орусиялык элчиликти кайтарууну күчөтөрүн билдирген. Кылмыш орусиялыктардын Алеппого бомба таштоосуна болгон реакция. Москванын жообу эми Сирияда болушу мүмкүн", - деген эксперт.

Ошондой эле Режеп Тайип Эрдоган окуя болгондон кийин Владимир Путинге телефон чалып, окуя тууралуу сүйлөшкөнү маалым болду. Элчинин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Путин жыйын өткөрүп, кылмыш иши козголуп, тергөө иштерине катышуу үчүн Анкарага орусиялык өкүлдөр жөнөтүлөрүн билдирген.

Айрымдардын айтымында, кол салган жаран АКШдагы Фетхуллах Гүлен менен байлынышы бар экенин болжолдошууда.

Канада, АКШ сыяктуу ири өлкөлөрдүн жетекчилери да бул окуяны көз жаздымда калтырышкан жок. Дональд Трамп жана Канаданын тышкы иштер министри бул окуяга терс көз карашта экенин билдиришсе, Барак Обама өргүүдө жүргөнүнө карабай бул иштин чоо-жайы тууралуу аны кабардар кылууну тапшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: