Бишкек-Ош унаа жолуна түшкөн кар көчкүсү тазаланды
Бишкек-Ош унаа жолуна түшкөн кар көчкүсү тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кар көчкү 19-декабрь күнү саат 18:10 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 247-чакырымында түшкөн.
"Болжол менен 560 метр куб кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Жол тазалоого №23-Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана 1 грейдер, 1 МАЗ тартылып, жол саат 19:00 чамасында толугу менен тазаланып ачылган", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:47
2025-11-09
15:57
2025-11-09
15:47
2025-11-09
15:11
2025-11-09
14:28
2025-11-09
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















