super.kg logo
  Саясат  

Түркиянын премьер-министри: "Элчини өлтүрүүнүн артында тургандарды табабыз"

 

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым (сүрөттө) Орусиянын Түркиядагы элчисин өлтүрүүнүн артында тургандар табыларын айтты.

"Мындай элчини жоготуп алганыбызга абдан кайгырып жатабыз. Бул ырайымсыз теракттын артында тургандарды таап, сотко өткөрүп берүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр жасалууда", - дейт премьер.

Эскерте кетсек, кечээ, 19-декабрда Анкарада жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 19:00дө "Орусия Калининграддан Камчаткага чейин: саякатчынын көзү менен" аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында элчи Андрей Карловду полицияда 2,5 жылдан бери иштеген Мевлют Мерт Алтынташ аттуу кызматкер атып өлтүргөн.

Түркия да, Орусия да окуяны теракт деп атап, мунун артында Сирияда терроризм менен күрөшүү аракетине каршылар турганын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: