Бишкекте унаа сүзүп кеткен студент кыздардын экинчиси да каза болду
Бишкекте унаа сүзүп кеткен студент кыздардын экинчиси да каза болду. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.
"Бири 18-декабрь күнү, экинчиси 19-декабрь түнү каза болду. Эки студент кыздын баш мээси катуу жабыркагандыктан өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбоду. Ал эми кыздарды сүзүп алган айдоочу жалпы палатада дарыланууда", - дейт Кубатбеков.
Айта кетсек, жол кырсыгы 14-декабрь күнү саат 18:40 чамасында Медеров көчөсүндө болгон. Анда күн чыгышты көздөй келе жаткан айдоочу унаасы менен эки студент кызды сүзүп, бирин тебелетип кеткен. Алар Кыргыз улуттук агрардык университетинен сабактан чыгып келе жатышкан.
Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Бул жерде мен айдоочуну айыптаймын жана 2 адамдын омурун алган кырсыктын себепкери катары ага катаал (10 жылдан жогору) жаза берилсе адилеттуу болот деп ойлоймун. Бизде соттор Омуркуловдун уулуна окшогондорду сотко жеткирбей же болбосо
Жарым чырак жанган учурда жоо жургунчунун кийими карачукул болсо Айдочу 25 метир еле аралыкты коралат . Егер ак жее кызыл сыйактуу кийинсе 60метир аралыкты коруусу мумкун . Егер жургунчу кечинде кочодо жургондо базарда сатылчу 10 15 сомдук рефликисти (Нур кайтаргыч пластик ) бутуна ж
Ал еми чон чыракта бул аралык 125 . 300 450 метир болот ...
Германяда ен кыйын ен кымбат турган нерсе бул айдоочулук кубоолук .
Демек жоо жургунчуда айдоочуда ушундай жонокой билимди созсуз билуусу манилуу ...