Индия: Алмазбек Атамбаевди президенттик сарайга атчан эскорт коштоп келди

























Индиянын борбор шаарында бүгүн, 20-декабрда президент Алмазбек Атамбаев аталган өлкөнүн президенти Пранаб Мукхерджи жана премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.
Алмазбек Атамбаевдин кортежи атчан эскорттун коштоосунда президенттик сарайдын борбордук дарбазасы аркылуу кирип, президенттик гвардия замбиректерден 21 жолу залп берди. Мамлекет башчысын Индиянын президенти менен премьер-министри тосуп алышкан. Тосуп алуу аземинин жүрүшүндө Атамбаев бул иш сапары Кыргыз мамлекети менен Индиянын мамилесин жандантууга түрткү болорун билдирди. "Биздин өз ара мамилелерде динамикалуу өнүгүү жана эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн пайдаланыла элек чоң мүмкүнчүлүктөр бар", - деди президент.
Өлкө жетекчиси ошондой эле Махатма Гандинин мемориалына гүл коюу аземине катышты.
кошулду
Алмазбек Атамбаевди Индиянын лидерлери тосуп алышты

