super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "№5057-шайлоо тилкесинде 40 бюллетень уурдалды" дейт окурман

 

Өзгөндөгү №5057-шайлоо тилкесинде 40 бюллетень уурдалганын окурман бүгүн, 20-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Жакында өткөн шайлоодо Кароол айыл өкмөтүнө караштуу Шералы айылындагы №5057-шайлоо тилкесинде 40 добуш же бюллетень уурдалган. Биздин кичинекей айылыбыз үчүн 1 добуш да маанилүү. Шайлоочулардын саны 2112 адам. Добуш бергендердин саны 1158 болсо, 1127синин добушу саналган. Ал эми компьютерге түшкөн маалымат боюнча 1118 гана адам добуш берген. 40 добуштун айырмасы чыгып жатат. Бул шайлоого катышпаган адамдардын ордуна башка бирөөлөр кол коюп, добуш бергенинен кабар берет", - дейт окурман.

Ошондой эле окурман жиберген видеодо айрым шайлоочулардын паспорттук номери жок, бирок колдору коюлган тизме көрсөтүлөт.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Окурман: "Өзгөндө шайлоодо 40 бюллетень уурдалды"

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
20.12.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шайлоонун шайтан оюну,уурдаса уурдабаса баары бир бийликтин музыкасына танцага тушкондор шайланат да.
20.12.2016. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзам алдында жооп берсин кунолуулор
20.12.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
faysala,кайсы мыйзам?
20.12.2016. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
tulpar90,Кайсы мыйзам болмок эле, шайлоо боюнча мыйзам бар. ошол мыйзам алдында жооп берсин деп жатат... Убагы келгенде сага окшоп мыйзам билбей калгандар күйдүрөт да.. Ашыкча бюллетень салганга болбойт болчу, а булар 40 бюлетеньди уурдап, өздөрү иштеп жүргөн адамды шайлатып салышкан. бул жерде комиссиянын төрагасы кетиш керек биринчи!..
20.12.2016. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят
20.12.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушундай окуяларга дуушар болгондо биздин атка минерлер кайда жүрүштү экен... өздөрүнүн орденин ойлобостон ,ушуга окшогон нерселерди чечишпейби. деги Кыргызстанда качан таза шайлоо болот?!
20.12.2016. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанда качан эле таза шайлоо отконун кордунор эле. Азыр заман Пулун болсо Кулунмун деген заман болуп калыптыр. Бизде мыйзам жок. ХХХ озулорун кана ойлошот. Карапайым элим эмне болсон , ошол бол. Депутаттарга чын журоктон баари бир! Эсли катуу кетсем кечир АДМИН УКТУНУЗБУ?!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-20 17:12:01
20.12.2016. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuidurut butpoi boldu go bular,ayta berip soz dele kalvady jutarlarga je betteri bir bylk etpeyt....kreslodon kochugun kotorolvay juruwot da may basyp,iwtegisi kelbei
20.12.2016. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шайлоону бекер кылып, башкадан шайлашсын... Ушул эң туура чечим деп ойлойм... БШК эмне кылып жүрөт экен, көздөрү май басып, тоюп калышкан да. элдин чоң көйгөйүн алар майда-чүйдө деп да эсептешпесе керек. дагы Тайырбек Сарпашев операторлорго сын тагып коёт. Комиссияларды текшербейби операторлорго асылбай.
20.12.2016. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жергиликтуу шайлоо комиссииясынын торага жана мучолорун каматсанар унчукпай камалып кете берет. Анткени чыныгы куноолуу- заказчиктер оздору Акуйдо отурат, мыйзамды оздору жазып, кааласа каалагандай чоюп озгортуп, анан оздорун оздору жазган мыйзамдан жогору коюп!!! БШК бул бийликтин "куурчагы", же калппы?!! БШКда бир калыс адам болбогондон кийин, шайлоо кайдан таза болмок эле?!! Биометрика дегендин "сыры" эми ачылды, корсо жогорудан эле оздору добуш бере берет экен да бийлик!!
21.12.2016. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ай Шералы айылым менин!ХХХ го адамды уят кылып.Жердештер атын чыкпаса жер ортто болуптур да биягы.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-21 08:52:30
21.12.2016. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ilgis1991,сен эмнеге уят болмок Элен? Сенин бир нерсен кетип атабы? Бул жерде акыйкаттык жонундо соз болуп атат. Уят деп журуп, ушул акыбалга келип калдык.
21.12.2016. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ilgis1991, manachaka, этика нормаларын сактаңыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: