super.kg logo

Бишкек шаарындагы "Ош базарында" баш аламан эт сатуу фактысы боюнча жыйын өттү

 

Бишкек шаарындагы "Ош базарында" баш аламан эт сатуу фактысы боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Ачык айта кетүү керек, мындай фактылар тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин жоопкерчиликсиз жана кош көңүл мамилесинен улам болуп жатат. Өкмөт тарабынан күн сайын кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөлдү алып салуу боюнча тынымсыз иштер жүрүүдө. Бирок мындай фактылардын орун алуусу ишке чоң тоскоолдуктарды жаратууда", - деди биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Аны менен бирге биринчи вице-премьер-министр ушундай факт катталган базарларга этти дүңүнөн алып келүүчүлөргө жана базар ээлерине катуу талап коюу зарылдыгын эскертти.

Ички иштер министрлигине, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына жана Бишкек шаарынын мэриясына "Ош базарындагы" баш аламан сатылган эт жана ал жакка этти мыйзамсыз киргизүү фактысына тиешеси бар жетекчилерди аныктоо, алардын жоопкерчилигин жана кызматына дал келүүсү боюнча маселени бир жума ичинде иликтөө жүргүзүү тапшырылды.

"Өзүнүн кол астында иштегендердин мыйзамсыз аракетин жашыруу фактылары болсо, тиешелүү жетекчилер жеке жоопкерчиликке тартылат. Коомчулук мындай фактылар боюнча ким жоопкерчиликке тартылганын билиши керек", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле буга чейин Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине заманбап мал союучу цехтерди куруу боюнча бир нече ирет тапшырмалар берилгени эскертилип, Абылгазиев бул багытта министрликтин иши канааттандырарлык эместигин белгиледи. "Кемин" жана "Сосновка" өткөрүү пункттарында мыйзамсыз эт алып өтүү фактыларын ачыктоо жана ага жол бербөө боюнча текшерүүнү күчөтүүнү жана колбаса цехтериндеги ветеринардык жана фитосанитардык нормалардын сакталашын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: