Түп районунда балык кармаганы барып көлгө чөгүп кеткен тургундун жансыз денеси табылды
Түп районунда көлгө чөгүп кеткен тургундун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 20-декабрь күнү Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Тихая деген жерде болгон. Анда балык кармаганы барган Камчы уулу Снын кайыгы оодарылып, ал сууга чөгүп кеткен. Ал жерге куткаруучулар барышып, көлдүн жээгинен Камчы уулу Снын жансыз денесин табышкан. Учурда дагы бир адам бар деген божомол менен издөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.