ЖЫЛНААМА, 21-ДЕКАБРЬ: 35 жыл мурун атактуу актриса, сахна ханышасы Таттыбүбү Турсунбаева көз жумган
1981-жылы 21-декабрда театр жана кино артисти Таттыбүбү Турсунбаева 37 жашында көз жумган. "Табигый, кайталангыс сулуулуктун ээси болгон актрисаны кесиптештери ишенчээктигинен пайдаланып, ичи тарлык кылып өлтүрүп жок кылышкан" деген кептер айтылып келет.
Белгилүү актриса 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек кыштагында төрөлгөн. Таттыбүбү Турсунбаеванын атын койгон чоң атасы Турсунбай белгилүү комузчу, атасы Мырзаалы Токтогул Сатылгановдун шакирти болгон. Ал эми ажайып сулуулук Таттыбүбүгө апасы Калыйбүбүдөн мураска калган дешет.
Чыңгыз Айтматов, Мустай Карим жана Евгений Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30дан ашуун образдарды алып чыккан: Жульетта ("Ромео жана Жульетта"), Амелия ("Бернарда Альбанын үйү"), Фелисьяна ("Бий мугалими"), Асел ("Делбирим"), Анвар ("Фудзиямадагы кадыр түн") жана башкалар. Ошону менен бирге кинодо да мыкты ролдорду жараткан.
Уулу апасы жөнүндө: "Апам ушунчалык мээнеткеч жан эле. Мээнеткечтигин ушундан көрүңүз, ал бизди карап багып, аны менен кошо чыгармачылыгын бирдей алып кетчү. Бизге жан дүйнөсүн төшөп, жакшы карачу. Балдарым дегенде ичкен ашын жерге коё чуркаган, энелик таза сезимин арнаган, терең мээримин төккөн энебиздин чексиз сүйүүсүнүн толкунуна эжем экөөбүз чөмүлүп, бактылуу балалыгыбызды өткөрдүк. Бизге созолонтуп ырдап бергенди жакшы көрчү. Үнү абдан кооз жана уккулуктуу болгондуктан, мукам үнүн балалык баёо дүйнөм менен кайра-кайра уккум келе берчү", - деп эскергени бар.
Акын Жолон Мамытов Таттыбүбү Турсунбаевага төмөндөгү саптарды арнап, ыр чыгарган.
Таттыбүбүгө
Суктандырып бул сулуулук, ойчулдук,
Баарын шилеп, көкүрөккө толтурдук.
Бизге энчиге берилгендей ушул көрк,
Канча оюнда жагалданып отурдук.
Ай чырайлуу, жумур дене Жоконда,
Кыргызымда бир жаралган экен да.
Бир эркелеп бул турмуштун шаңына,
Эл-күзгүгө бир каранган экен да!
Отуң алоо жүрөктөрдө жагылган,
Элиң эсен оюнуңа агылган.
Сезимдерде кайталанып турарсың,
Улуу тоодон бир жарк эткен чагылган.
1960-жыл, "Салиманын ыры" - Салима
21-декабрга карата жылнаама.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















